Мотоциклде баратып башын жууган кишилер жазасын алышты – видео
Вьетнамда мотоцикл менен баратып баашын жууган эки кишинин видеосу социалдык тармакта тарагандан кийин полиция аларга айып пул салды. Бул тууралуу ABC News басылмасы жазды.
Видеодо мотоциклде кетип бараткан эки киши башын шампунь менен көбүктөтүп жууп жатканын көрүүгө болот. Ал эми артында отурган киши алдыда рулду кармап бараткан кишинин башына суу куюп берип жатканы да тартылып калган.
Аталган видео социалдык тармактарда тездик менен тарап, эл арасында ар кандай талкууга жем таштаган. Айрымдары алардын кылганына күлкүсү келсе, кээси булар жол эрежесин бузганын жазышты.
Жыйынтыгында мотоциклдин айдоочусу менен жүргүнчү 1,8 миллион вьетнам (болжол менен 5 миң сом) донгун төлөөгө милдеттендирилди.
Ссылка: https://barometr.kg/motociklde-baratyp-bashyn-zhuugan-kishiler-zhazasyn-alyshty-video
Добавить комментарий ×