Москвадан 19 жаштагы кыргыз жаранынын бычактап кеткен кылмышкер табыла элек
Москванын түштүк-батышында 19 жаштагы кыргыз жигиттин өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Россиянын Тергөө комитетинин Башкы тергөө башкармалыгынын сайтына жарыяланган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
«Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын тергөө органдары Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш ишин козгошту. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого жана кылмышка тиешеси бар адамды камакка алууга багытталган тергөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта.
Тергөөнүн версиясы боюнча, 15-декабрда түнү Паустовский көчөсүнөн жеке тааныштыгы бар эки адамдын ортосунда чыр-чатак болгон. Чыр-чатак күч алып, бычакташууга чейин барган. Анда, азырынча өздүгү тактала элек эркек киши 19 жаштагы кыргыз баланын көкүрөгүнө бычак менен сайып жиберип, өзү изин жашырып, качып кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген, бирок, көрсөтүлгөн жардамга карабастан, ал каза болуп калган.
Эскерте кетсек, каза болгон жаш жигит 19 жаштагы Кыргызстандын жараны, Delivery Club жеткирүү кызматынын курьери экени маалым болгон.
Ал эми, маркум иштеген Delivery Club жеткирүү кызматынын жетекчилиги каза болгон Кыргызстандык жигиттин үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтө тургандыгын билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/moskvadan-19-zhashtagy-kyrgyz-zharanynyn-bychaktap-ketken-kylmyshker-tabyla-elek
Добавить комментарий ×