Москвадагы кырсыктан жабыркагандардын аты-жөнү такталды
Москвада кыргызстандыктар катышкан жол кырсыгынан жабыркагандардын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
Москвада бир нече адамды сүзүп кеткен кыргызстандык айдоочу соо абалда болгон. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, кыргызстандык айдоочу окуя болгон жерден качпай, полицияга көрсөтмө берген. Кырсыктан 10 адам жабыркаса, бир адам каза болгон.
Алардын ысымдары: Абдурасулов С.А. – 21 жашта; Мерген Р.У. – 22 жашта; Женшибекова К. Ы. – 17 жашта; Зулпиев Р. – 24 жашта; Абдикарим У. – 20 жашта; Арстанова Н. – 30 жашта. Андан тышкары дагы эки белгисиз адамды Ф.И. Иноземцев атындагы шаардык клиникалык ооруканага жаткырылган. Дагы экөөнү Пригоровкага жөнөтүшкөн.
Эске салсак, 9-сентябрда Москвада кыргызстандык айдоочу «Volkswagen Polo» унаасы менен Новочеркаский бульварындагы өз мекендештерин тебелеп кеткени кабарланган. Анда он киши жабыркап, бир киши каза болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/moskvadagy-kyrsyktan-zhabyrkagandardyn-aty-zhn-taktaldy
Добавить комментарий ×