Москвадагы бир канча адамды тебелеп кеткен айдоочу дагы, жабыркагандар дагы кыргызстандыктар болгон
Москвада кыргызстандык айдоочу "Volkswagen Polo" үлгүсүндөгү унаа менен Новочеркаск бульварындагы жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, тебелетип кеткени айтылууда. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги билдирет.
Берилген маалыматка караганда кыргыз балдар өз ара урушуп кетип, алардын бирөөсү унаасына олтуруп, калгандарын кафеден чыгуусун күткөн. Башкалары чыкканда атайылап эле сүзгөн деп айтылууда. Окуя болгон жерде тогуз адам жаракат алып, алардын арасында 17 жаштагы жаш бала бар экендиги айтылган. Ошондой эле бир киши каза болгон. Жабыркагандар да, сүзгөн адам да кыргызстандык экени айтылууда. ТАСС маалымат агенттигинин жазган маалыматына ылайык, айдоочу ичип алган.
Учурда бардык документтер текшерүү органдарына өткөрүлүп берилип, иликтөө иштери жүрүп жатат деп билдиришти орусиянын маалымат каражаттары.
Добавить комментарий ×