Видео. Москвадагы кырсык: Бекжанды топ балдар ур-токмокко алып жаткан видео камерага түшүп калган
Москвада мекендештерин унаа менен сүзгүлөп салган жаран 2 айга камакка алынганын орус басылмалары жазган. Бул кадамга барган айдоочу Бекжан Сарбишев көрсөтмө берип жатып, карындашын коргоо максында бул ишке барганын жана аны 10 го жакын бала сабап кетишкенин айткан. Ал ортодо топтошкон балдар Бекжан Сарбишевди ур-токмокко алып жаткан видеосу камерага түшүп калаган.
Тасмада бир топ балдар Бекжандын артынан кубалап келип тепкилеп жатканын көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, 9-сентябрда Москвада кыргызстандык айдоочу «Volkswagen Polo» унаасы менен Новочеркаский бульварындагы өз мекендештерин тебелеп кеткени кабарланган. Анда он киши жабыркап, бир киши каза болгон. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, кыргызстандык айдоочу окуя болгон жерден качпай, полицияга көрсөтмө берген.
Добавить комментарий ×