Москвада өз уулун аёосуз сабаган кыргызстандык киши 3,5 жылга эркинен ажыратылды

15 декабрь 2020 10:55 2712 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москва шаарында уулун аёосуз сабаган кыргызстандык адам 3,5 жылга жалпы режимдеги колонияда жазасын өтөй турган болду.  Бул тууралуу Москва мамлекеттик жазык процессуалдык кодексинин жетекчисинин улук жардамчысы Юлия Иванованын “РИА Новостиге" берген маалыматына таянып "Барометр" билдирет. 

Эскерте кетсек, ушул жылдын апрель айында социалдык тармактарда Москвада эмгектенип жүргөн кыргыз жараны болжол менен жети-сегиз жаштагы баласын аёосуз сабаган видео таркаган. Кадрдан киши баласын жерден түртүлүү көнүгүсүн жасоону талап кылып, уруп, тепкилеп, темир таяк менен сабап жатканын көрүүгө болот. Видеого тартып жаткан аял киши жансоогалап, уруп-согууну токтотууну суранып турган. Бул окуя социалдык тармактарда катуу талкууга алынып, мыкаачы атаны жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан. Ал эми, Москва милициясы анын ким экенин аныктаганын кабарлап, сөзсүз түрдө күнөөлү адам жоопкерчиликке тартылаарын жарыялаган.

Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, 16-апрелде Кыргызстандын жараны баланын башына, тулку боюна уруп, андан тышкары темир таяк менен аёосуз сабаган. Андан кийин, соттолуучу күнөөсүн мойнуна алып, ал камакка алынган.

"Ал кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды "кыйноо жана жашы жете элек бала тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбоо" берениси менен.  Москва шаарынын Кунцевский райондук сотунун өкүмү менен Эмилбек Жунусов жалпы режимдеги колонияда 3,5 жылга эркинен ажыратылды", - деди Иванова.

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-z-uulun-ayoosuz-sabagan-kyrgyzstandyk-kishi-35-zhylga-erkinen-azhyratyldy



Добавить комментарий