Москвада өз баласын сатууга аракет кылган кыргызстандык ата-эне үч жылга соттолду

20 апрель 2021 13:59 2547 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россияда эмгек мигранты болуп иштеп жүрүп, уулдуу болушкан кыргызстандык жаш жубайлар кыйынчылыктын айынан өз баласын сатууга аракет кылышкан. Бул тууралуу орусиялык «МК» маалымат агенттиги жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, кыргызстандык жаш жубайлар 2020-жылдын август айында балалуу болуп, ата-эне статусуна ээ болушкан.

Наристе төрөлгөн учур дүйнө жүзүн каптаган пандемияга туш келип калгандыктан, жаш ата-эне ошол учурда жумушу жок калган.

Жубайлар такыр айлалары кетип, жумушу жок олтуруп калганда, ымыркайды убактылуу бирөөгө берип туруу чечимин кабыл алышкан.

Анан, алар ымыркайды убактылуу карай турган үй-бүлө издеп, тааныштарына кайрыла башташкан. Жубайлардын бул кылыгы, укук коргоо кызматкерлерине билинип калган.

Милиция кызматкерлери, баланы багып турууга макул болгон ата-эне катары жубайлар менен сүйлөшүү учурунда баланы бирөөгө берүү мыйзамсыз экенин эскертип, канча акчага наристени сатканы жатышканын сурашкан. Сүйлөшүү учурунда, жаш жубайлар ымыркайды жөн эле берүүгө макул экенин, бирок, ыраазычылык үчүн канча акча болсо да боло берерин айткан.

Милиция кызматкери наристенин атасына 500 миң рубль салынган конвертти бергенде, ал берилген акчаны сүйүнүү менен кабыл алган.

"Москва облустук соту Кыргыз Республикасынын эки жаранына карата козголгон кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 127.1-беренесинин (жашы жете элек баланы сатуу)  2-бөлүгүнө ылайык кылмыш жасагандыгы үчүн 3 жылга эркиндигенен ажыратылды", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми, ымыркай атайын адистештирилген мекемеге жөнөтүлгөнү маалым болду. 

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-z-balasyn-satuuga-araket-kylgan-kyrgyzstandyk-ata-ene-ch-zhylga-sottoldu



Добавить комментарий