Москвада мыкаачылык менен кемпирди өлтүргөн деген шек менен кыргызстандык аял кармалды

22 январь 2021 11:12 2680 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москванын борборунда полиция кызматкерлери 82 жаштагы москвалык аялды мыкаачылык менен өлтүрдү деген шек менен Кыргызстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу “РИА Новости” жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Москванын Тверск районунун 82 жаштагы тургунун өлтүрүүгө шектелип 31 жаштагы Кыргызстандан барган аял кармалды. Кыргызстандык аял Москвада кемпирди карап иштеген.

21-январда милицияга бычактан жаракат алган тууралуу билдирүү келип түшкөн, бирок, окуя болгон жерге келген күч кызматкерлери батирде буга чейин эле өлүп калган улгайган аялды табышкан. Милициянын айтымында, кемпирдин кекиртеги жана трахеясы кесилген. 

Аял дароо эле кармалган. Окуя тууралуу текшерүү жүргүзүлүп, кылмыш иши козголду.

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-mykaachylyk-menen-kempirdi-ltrgn-degen-shek-menen-kyrgyzstandyk-ayal-karmaldy



Добавить комментарий