Москвада кырсык боюнча Кыргызстандын Россиядагы элчилиги көзөмөлгө алды

10 сентябрь 2018 12:40 2063 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москвада кыргызстандыктар  катышкан жол кырсык боюнча  Кыргызстандын Россиядагы элчилиги көзөмөлүнө алды.   

Белгилей кетсек, 9-сентябрда Москвада кыргызстандык айдоочу «Volkswagen Polo» унаасы менен Новочеркаский бульварындагы өз мекендештерин тебелеп кеткени кабарланган. Анда тогуз киши жабыркап, бир киши каза болгон. Кылмышка шектүү кыргызстандык 1997-жылы туулган Бекжан Сарбишев аттуу Орусиянын жараны кармалган. Бекжан  Сарбишевдин  ата-энеси дагы Орус жараны экени маалым болгон. Тергөөнүн версиясында, эркек мындай кадамга атайын барган. Жыйынтыгында, 9 адам жабыркап, бирөө көз жумду.

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-kyrsyk-boyuncha-kyrgyzstandyn-rossiyadagy-elchiligi-kzmlg-aldy



Добавить комментарий