Москвада кыргызстандык кызынын намысын коргош үчүн полицияга жалган айтты

12 август 2021 11:17 1147 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Москва шаарында кыргызстандык анын кызы уят болбош үчүн өзүнүн эле небересин жолдон таап алдым деп полицияга жалган маалымат берген. Бул тууралуу LIFE SHOT Telegram-каналы маалымдаганын “Барометр” билдирет.

Аталган маалыматка таянсак, 11-августтун түнүндө полиция бөлүмүнө Кыргызстандын жараны кайрылып, Москва шаарында жашап жана иштеп жатканын айтып, наристе баланы көтөрүп келген. Анын айтымында, ал баланы Алтуфьев шоссесинен таап алган.

Укук коргоо органдары анын келген жолун видео камерадан тактап, баланы эркек киши өз үйүнөн алып чыкканын аныкташкан.

Окуянын чоо-жайын тактай келгенде жазында анын 20 жаштагы кызын кыргызстандык ала качып алып кеткени белгилүү болгон. Жубайлар үйлөнүп бирок расмий никеге турушкан эмес. Жаш колукту 4-августта балалуу болгондон кийин анын күйөөсү жоголуп кеткен. Төрөт үйүнөн кыз жаш бала менен ата-энесинин үйүнө кайтып келген. Атасы кызын уяттан сакташ үчүн небересинен кутулмакчы болуп аны полицияга “жолдон таап алдым” деп алдап алып келип таштамак болгон.

Учурда наристе ооруканада, окуяны иликтөө башталды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-kyrgyzstandyk-kyzynyn-namysyn-korgosh-chn-policiyaga-zhalgan-ajtty



Добавить комментарий