Москвада кыргыз жараны эжесин бычак менен сайып койду

16 февраль 2021 14:36 8784 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Екатеринбургда Кыргызстандан барган эмгек мигранты эжесине бычак менен кол салып, аны көкүрөк тушка сайып жиберген. Бул тууралуу “Вечерние ведомости” басылмасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, окуя Екатеринбург шаарынын Ленин проспектисиндеги үйдүн батиринде болгон. Жакын туугандар урушуп, андан кийин чыр чыккан. Анан кыргыз жигит уруш учурунда бир тууган эжесин бычак менен көкүрөккө сайып жиберген. Аял ооруканага жаткырылып, анын бир тууганы кармалган, ал кылган ишин мойнуна алган.

Россиянын күч органдары билдиргендей, жабырлануучу жана кол салган адам Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөндүгү аныкталды. Ага ылайык, аял ооруканадан чыккандан кийин  депортацияланып, анын бир тууганына Орусиянын мыйзамдарына ылайык жаза берилет.

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-kyrgyz-zharany-ezhesin-bychak-menen-sajyp-kojdu



Добавить комментарий