Москвадан кыргыз кызын бычактап кеткен адам кармалды

19 январь 2021 14:42 4042 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москвада Кыргызстандык өспүрүм кызды бир нече жолу бычак менен сайып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу "Комсомольская правда” жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Екатеринбургда жергиликтүү тургунга мыкаачылык менен кол салган 25 жаштагы шектүү кармалган. Милициянын маалыматы боюнча, ал буга чейин Кыргызстандык кызды бычактап кеткенин моюнуна алган.

Маалым болгондой, кармалган адам Курган шаарынын тургуну. Соттолгон эмес, үйлөнгөн эмес. Кесиби боюнча - жапон тилинен котормочу, сүрөт тартканды жакшы көрөт. Жигит өзүнүн сүрөттөрүн сатып  жана котормочулук менен жан багат.

Шектүү психикалык жактан жабыркабайт. Коопсуздук кызматкерлери анын батирин текшерүү учурунда бир катар маанилүү буюмдарды, анын ичинде ар кандай бычактарды табышкан.

8-январда “Уралмаш” станциясынан алыс эмес жерде жигит жергиликтүү аялга кол салган. Ал аялдын сумкасын алып кетүүгө аракет кылган, бирок жабырлануучу ага каршылык көрсөткөн. Жигит анын колун бычак менен сайып жиберген, натыйжада аял эки манжасынан айрылып калган.
Кылмышкер кармалып, сурак учурунда дагы бир кылмышын мойнуна алган. 


Маалым болгондой, 2020-жылы 8-сентябрда кыргыз кыз жумуштан кийин үйүнө кайтып бара жаткан учурда кол салган. Шектүү кыргыз кызына кол салып, далыга бир нече жолу бычак сайган.


Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-kyrgyz-kyzyn-bychaktap-ketken-adam-karmaldy



Добавить комментарий