Москвада кыргыз менен тажик диаспоралары жолугушту
Россияда кыргыз диаспорасы менен тажик диаспорасы жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр"билдирди.
Кечээ, 22-июлда жаш адамдар тарабынан укукка каршы аракеттердин жасалышын болтурбоо жана эскертүү максатында Кыргызстандын РФдеги элчилигинин имаратында диаспоралардын өкүлдөрүнүн жана активисттердин катышуусунда жолугушуу уюштурулду.
Ага Россиянын ИИМдин Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгынын борборунун башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу, милициянын полковниги А. Рогожин, Кыргызстандан КМШнын уюшкан кылмыштуулук жана башка кылмыштардын коркунучтуу түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча бюросунун (БКБОП) директорунун орун басары, милициянын полковниги А. Алиев, КРнын РФдеги элчилигинин кызматкерлери, аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү, диаспоралардын, спорттук клубдардын өкүлдөрү жана башка активисттер катышты.
“Жолугушуунун катышуучуларына кыргыздар менен тажиктердин ортосунда болгон окуя боюнча туура маалымат жеткирилди. Андан соң, катышуучулар кайрылууларды жасап, жаштарды социалдык тармактарда жана ар кайсы мессенджерлерде улуттар аралык чыр-чатакты козуткан орунсуз билдирүүлөрдү токтотуп, улуттук маселелерге тиешелүү болгон такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырышып, жаш муундарга мындан ары түшүндүрүү иштерин жигердүү жүргүзүшөөрүн айтып өтүштү», - деп айтылат маалыматта.
Чет өлкөлүктөр менен жолуккан Москавадагы кыздарды жазалоого чакырган адамдар Б.Б. менен А.А. социалдык тармактарда этиятсыз айтылган билдирүүлөрү үчүн Кыргызстандын элинен ачык түрдө кечирим сурашып, күнөөсүн моюндарына алышты. Андан соң аларды Россиянын ИИМдин Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгынын борборуна Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык юридикалык баа берүү үчүн чакырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-kyrgyz-diasporasy-menen-tazhik-diasporasy-zholugushuu-tkrd
Добавить комментарий ×