Москвада 23 жаштагы кош бойлуу кыргыз кызы каза болду
Москвада 23 жаштагы Кыргызстандын жараны 18 жаштагы сүйүктүүсү менен жыныстык катнашта болуп жаткан жеринен каза болду. Бул тууралуу орусиялык LIFE сайты жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Кыз кош бойлуулуктун биринчи айларында болгон. Белгилүү болгондой, жаштар бир-эки ай кыз-жигит катары жолугуп турушкан. Жигит сүйлөшкөн кызынын "кош бойлуу экенин билген эмесмин" деп ырастоодо.
Жекшемби, 20-декабрь күнү жигит сүйүктүүсүн киного чакырган. Ал эми, 22-декабрь күнү жаштар биринчи сүйүү күнүн өткөрүшү керек болчу. Бирок, аягы кайгылуу аяктады. Кыз жыныстык катнаштан кийин кан кетип, эсин жоготуп койгон.
Жигит кийинчерээк "кан фонтандай агып жатты - мен жардам берүүгө аракет кылдым, андан кийин тез жардам чакырууга шаштым" деди.
Тилеке каршы, байкуш кызды сактап калууга мүмкүн болгон жок. Эксперттер белгилегендей, аял кош бойлуулуктун баштапкы этабында болгон, анын жатындан кан агуу башталган, бул жүрөктүн токтоп калышына алып келген.
Жаш жигит шок абалында. Ал сүйлөшкөн кызынын “кош бойлуу экендигин билген эмесмин” деп ант берет. Ошол эле учурда, аял өзүнүн кош бойлуу экенин билдирүүгө аракет кылып, кинотеатрга барганда эч нерсе жей албастыгын, суу гана ичээрин айткан. Бирок, тажрыйбасыз жигит буга эч кандай маани берген эмес. Тергөөчүлөр аялдын өлүмүнүн жагдайларын текшере баштады.
Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-kosh-bojluu-kyrgyz-ayal-zhynystyk-katnash-uchurunda-kaza-bolup-kaldy
Добавить комментарий ×