Москвада кичинекей кыздын чачынан сүйрөп сабаган медайым соттолду

16 декабрь 2020 17:59 867 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Россиянын Новосибирск шаарында медайым жаш бейтаптарга катаал мамиле жасагандыгы үчүн бир жылга түзөтүү жумуштарына кесилди. Бул тууралуу LIFE сайты жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

“Сот медайымды Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси менен анын иштеген эмгек акысынын 10% ын кармап калуу менен бир жылдык мөөнөткө түзөтүү жумуштарына соттогон”, - деп айтылат билдирүүдө.

Медайымга карата тергөө үч кылмыш иши (экөө - орой мамиле фактысы боюнча, дагы бири - шалаакылык беренеси боюнча) менен козголгон.

Буга чейин, интернетке медайым кичинекей кыздын чачынан сүйрөп керебетке ыргыткан видео таркаган.

Окуя, кургак учукка каршы оорукананын медайымдарынын катышуусунда болгон. Анда ал кичинекей кыздын чачынан алып, төшөккө ыргытып, кордоп жатканын көрүүгө болот.

Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя ушул жылдын 2-ноябрында болгон. 35 жаштагы медайым үч жашар кыздын белгиленген убактан эрте туруп алганы үчүн бетке чаап, сабаган. Бул окуя 4-ноябрда да уланган. Ал кыздын түштө уктабай палаталарды кыдырып жүргөнүн көрүп чачынан сүйрөп келип керебетке ыргыткан.

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-kichinekej-kyzdyn-chachynan-sjrp-sabagan-medajym-sottoldu



Добавить комментарий