Москвада көчөдө калган кыргызстандык аялды мекенине жөнөтүшөт
Москвада көчөдө калган кыргызстандык кош бойлуу аялды мекенине жөнөтүшөт. Бул тууралуу Россиядагы Кыргызстандын элчилигинен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Социалдык тармактарда кош бойлуу аялдын Москвада документи жок калганы тууралуу видео тарагандан кийин элчиликтин консулу Ярославский вокзалына юристтер менен барган.
Алар темир жол бекетинин полициялары, шаардын социалдык кызматтары менен сүйлөшүү жүргүзүштү.
Консул юристтер менен бирге үй-жайсыздар баш калкалап жаткандарга тамак уюштуруучу жайга дагы барды.
Бул иштердин жүрүшүндө кыргызстандык аялдын документтери бар экени, бирок элчиликке кайрылбаганы такталды.
Видео жарыялангандан кийин жарандын бир тууганы аны вокзалдан таап Люблино районундагы квартиралардын бирине жайгаштырганы жана жакынкы рейсттер менен Кыргызстанга жөнөтө турганы дагы аныкталды.
Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, 26 жаштагы кош бойлуу кыргызстандык аял Москвада документтери жок, вокзалда калганы тууралуу видео тараган.
Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-kchd-kalgan-kyrgyzstandyk-ayaldy-mekenine-zhntsht
Добавить комментарий ×