Москвада кафеден атып кеткен кыргызстандык жигиттин абалы оор

29 август 2022 14:11 4773 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москвада октон жаракат алган кыргызстандыктын абалы оор. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.  

Маалым болгондой, мекендешибиз оор абалда ооруканада дарыланып жатат.    

Белгилей кетсек, 26-августка караган түнү Москванын Зеленоград районундагы кафелердин биринде кардарлар ортосунда жаңжал чыккан. Жаңжал учурунда шектүү ок атуучу куралдан ок чыгарып, андан соң качып кеткен. Анын кесепетинен Кыргызстандын жараны 1989-жылы туулган Х.Х.И. алган жараатынан ошол жерден каза болсо, дагы бир кыргызстандык К.Р.М. жаракат алып ооруканага жаткырылган.       

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-kafeden-atyp-ketken-kyrgyzstandyk-zhigittin-abaly-oor



Добавить комментарий