Москвада бир суткада 52 бейтап көз жумду
Бөлүшүү:
Москвада бир суткада коронавирустан 52 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Москва шаарынын ыкчам штабы билдирди.
Бүгүн, 16-июнда Россия Федерациясынын борбору болгон Москва шаарында коронавирус илдетинен көз жумгандар 52ни түздү. Борбордо жалпы 3 386 адам набыт болду.
Бүгүнкү күнгө алынган маалыматка ылайык Россияда 8 248 адамдан вирус аныкталды, 193 каза болду.
Пандемия башталгандан тарта 545 миң учур катталган. Алардын 294 миңи айыгып чыгарылган. Жети миңден ашууну каза болду.
Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-bir-sutkada-52-bejtap-kz-zhumdu
Добавить комментарий ×