Москвада баласын скамейкага таштап кеткен кыргызстандык аял соттолот
Бөлүшүү:
Жаңы төрөлгөн баласын отургучка таштап кеткен 26 жаштагы кыргызстандык аялды айыптоочу акт бекитилди. Бул тууралуу Москванын прокуратурасынан алынган маалыматка шилтеме кылуу менен “Барометр” кабарлайт.
13-августта кыргызстандык аял эркек балалуу болуп, бирок күйөөсүнөн аны жашырып, баланы желим баштыкка ороп Ярославское шоссесине барган. Ал баланы үйлөрдүн биринин короосундагы балдар ойноочу аянттагы отургучка таштап кетип калган.
Наристени үйдүн жашоочулары таап алып, дарыгерлерге беришкен. Аял кармалып камакка алынган, жакында анын соту башталат.
Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-balasyn-skamejkaga-tashtap-ketken-kyrgyzstandyk-ayal-sottolot
Добавить комментарий ×