Москвада 800дөн ашык аял эркектердин абагына которулду

30 июль 2020 10:27 2767 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москвадагы аялдар абагынан өрт чыгып, 800дөн ашуун аял киши эркектердин абагына которулду. Бул тууралуу Россиянын ММКларына шилтеме берип “Барометр” которду.

Москвада №6 тергөө изоляторунда өрт чыккандан кийин 800дөн ашуун аял киши эркектердин абагына которулду.

“Аялдар жеке буюмдарын алууга жетишпей калды. Эркектердин түрмөсүндө орундуктар жок. Жакынкы күндөрү миңдеген кишилерге уктоого жер жок болуп калат”, - деди Gulagunet укук коргоо долбоорунун башчысы Владимир Осечкин.

Өз кезегинде Коомдук байкоочу комиссиянын жооптуу катчысы Алексей Мельников “Бутырка” абагына которулган аялдар тарабынан даттануулар болбогонун билдирди.

Белгилей кетсек, 27-июлда Москванын Печатники районундагы №6 тергөө абагында өрт чыккан. Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт жууркан-төшөктөр сакталган кампада чыкканын, 50 чарчы метр жер күйгөнүн маалымдады.

Маалыматка ылайык, өрт кырсыгынан жабыркагандар катталган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-800dn-ashyk-ayal-erkekter-abagyna-kotoruldu



Добавить комментарий