Москвада кыргыз жигит 7 жаштагы мекендешин зордуктоого шектелүүдө

11 июнь 2022 09:06 1272 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москвада кыргызстандык мигрант 7 жаштагы мекендешин зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу "Московский комсомолец" сайты жазган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Маалым болгондой, кече, 10-июнда, Москвада 7 жашар кызды кошунасы зордуктоого шектелип кармалган. Шектүү Кыргызстандын 29 жаштагы жараны экени кабарланды. 

Окуя, борбор калаанын Милашенков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. 
Кыз болгон окуяны апасына айтып бергенден кийин, апасы милицияга арыз менен кайрылган.
Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-29-zhashtagy-kyrgyz-zhigit-7-zhashtagy-mekendeshin-zorduktoogo-shekteld



Добавить комментарий