Москвада 19 жаштагы кыргызстандык кызды өлтүргөн адам кармалды
Россиянын тергөө комитети Кыргызстандын жаранын өлтүрүүгө шектүү адамды кармады. Бул тууралуу «Вечерняя Москва» басылмасы маалымдаганын “Барометр” билдирет.
Аталган кабарга таянсак, кылмыш 6-августта түн ичинде болгон. Айыпталып жаткан адам кызга кол салып анын сумкасын жула качууга аракет кылган. Кыз каршылык көрсөткөндө кылмышкер анын далысына бычак сайган. Алган жаракатынан улам кыргызстандык көз жумган.
46 жаштагы кылмышка шектүү адам баардык күнөөсүн мойнуна алды. Ага карата “киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Эскерте кетсек, 19 жаштагы кыргызстандык кыз Россияга 2020-жылы барган. Ал англис тили курсунан кайтып келе жатканда каракчынын курмандыгы болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-19-zhashtagy-kyrgyzstandyk-kyzdy-ltrgn-adam-karmaldy
Добавить комментарий ×