Мончонун кандай пайдасы бар?
Баалай билген адамга мончонун пайдасы көп. Ал денедеги зат алмашуу процесин жаңы тепкичке көтөрөт да, организмдеги токсиндер менен метоболизм азыктарын чыгарат. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Дарыгерлер дем алуу жолдору ооруганда, тактап айтканда, суук тийгенде, жөтөл менен сасык тумоо болгондо ысык буу кабыл алууга кеңеш беришет. Буу бөлмөсүндө жакшылап ысытып- эмделүү пайдалуу. Адам бууланган убакта кан тамырлары кеңейип, бетке кан жүгүрөт. Атайы шыпыргы менен массаж жасаса да болот. Эгер буу бөлмөсүндөгү абанын нымдуулугу өтө жогору болсо, теринин сырткы кабатында тер бууланбай да, жылуулуктун алмашуусу кыйындайт. Ошондуктан катуу ысыткандан коркпоймун дегенде да, буу бөлмөсүндө 10-15 мүнөттөн көп отурбаңыз.
Мончонун дарылык касиетине ишенип отуруп, кооптуу жактарын да эстен чыгарбаган оң. Мисалы, дүркүрөп өткөн оюн-зооктон чыга калып, мончого кирүүгө болбойт. Чамадан сырткары ичимдик жүрөк кан тамырларына күч келтирет, ал эми буга ысык бууну кошуңуз.
Мындай абалды организм көтөрө албайт. Ошону менен катар суук тийүү катуу күчөп кетсе, мончо менен айыгам деп ойлобоңуз.
Ссылка: https://barometr.kg/monchonun-kandaj-pajdasy-bar
Добавить комментарий ×