Мона Лиза аялбы же эркекпи?

26 июнь 2018 22:45 4122 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Дүйнөгө таанымал Леонардо Да Винчинин атактуу картинасы Мона Лизаны Канадалык илим-изилдөөчүлөр атайын лазердик сканердин жардамы менен  изилдешкен. 

Анда  чачы жыйналган, боюнда бар аялдын картинасын көрүшкөн. Бирок сүрөттө аялдын чачы ийнине чейин түшүп турат. "Мындай Мона Лизаны чындыгында эч ким көргөн эмес"-дейт Канадалык улуттук илим-изилдөө борборунун доктору Пьер Коломб. Ал кесиптештери менен биргеликте изилдөө учурунда сүрөт алгач башкача тартылганын байкашкан. Кээ бир изилдөөлөр Леонардо-Да-Винчи сүрөткө өзүнүн элесин түшүргөн деп айтышууда. Джоконданын чач жасалгасы көп талаш-тартышты жаратып келген. Анткени XVI кылымда чачын күйөөгө тие элек жаш кыздар же өтө кедей аялдар гана түшүрүп жүргөн. Ал эми Мона Лиза ак сөөк аялдардан болгон деп айтылат. 

Табышмактуу жылмаюсу менен таң калтырган сүрөт учурда Франциянын Париж шаарында белгилүү Лувр музейинде сакталып турат. 

Ссылка: https://barometr.kg/mona-liza-ayalby-zhe-erkekpi



Добавить комментарий