Россиядагы мода жумалыгы кыргыз модасынын күнү менен башталды
Екатеринбургдажылына өткөрүлүүчү Мода жумалыгынын XII сезону Кыргыз модасы күнү менен башталды. Анын алкагында Кыргызстандын, Россиянын, Болгариянын, Франциянын жана Индиянын 50дөн ашуун дизайнерлери менен соода маркалары кийим коллекцияларын сунушташты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Маалымат Департаменти билдирди.
Иш-чаранын расмий ачылышы 11-мартта Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун, Свердлов облусунун Маданият министрлигинин жетекчилигинин, көп сандаган коноктордун жана мода индустриясын баалоочулардын катышуусу менен болуп өттү.
Мода жумалыгына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан Екатеринбург шаарына алдыңкы дизайнерлер менен модельерлер барышты. Программа дизайнер Асель Калканованын “Алайдан Ааламга” аталган коллекциясын көрсөтүү менен башталды. Ал турмушка чыккан кыргыз аялдарынын салттуу баш кийими болгон элечекти кантип кийиүү керектигин көрсөтүп берди. Андан соң дагы жети кыргыз дизайнери өз коллекцияларын сунушташты. Иш-чараны жаш дизайнер, Урал бизнес, башкаруу жана сулуулук технологиялары колледжинин бүтүрүүчүсү Назар Алмазбеков жыйынтыктады. Катышкан коноктор кыргыз модельерлеринин кийим моделдерине жогорку баа беришти.
Кыргызстандын дизайнерлери Мода жумалыгынын алкагында улуттук кийимдин колоритин, заманбап жашоодогу этностук моданын авангардга чейинки өзгөрүшүн көрсөтүп берген чебер-класстарды, улуттук көргөзмөлөрдү өткөрүшмөкчү.
Кыргызстандык дизайнерлер Екатеринбургдагы Мода жумалыгына “Кыргызстан-Урал” Свердлов облустук коомдук уюмунун жана Урал дизайнды өнүктүрүү борборунун жардамы жана Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун, Свердлов облусунун Маданият министрлигинин, Екатеринбург шаарынын Администрациясынын, Урал мамлекеттик архитектуралык-көркөм университетинин колдоосу менен катыша алышты.
Ссылка: https://barometr.kg/moda-zhumalygynyn-alkagynda-kyrgyzstan-kn
Добавить комментарий ×