Мирлан Тургунбеков УКМКнын Антитеррордук борборунун директору болуп дайындалды

15 апрель 2019 15:03 1020 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мирлан Тургунбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары-Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Белгилей кетсек, Мирлан Тургунбеков Бишкек шаарында 1977-жылы 3-сентябрда туулган. Анын билими жогорку. 2000-жылдан тартып улуттук коопсуздук органдарында ар кандай кызматтарда иштеп келген.

 

Ссылка: https://barometr.kg/mirlan-turgunbekov-ukmknyn-antiterrorduk-borborunun-direktoru-bolup-dajyndaldy



Добавить комментарий