Мирлан Самыйкожо: "КТРКда иш таштоо башталыптыр. Учкун жалынга айланышы мүмкүн"

21 ноябрь 2018 12:00 1524 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Акын, алып баруучу Мирлан Самыйкожо бүгүн, 21-ноябрда өзүнүн фейсбук баракчасына:
"КТРКда саат 8:00 дөн бери иш таштоо башталыптыр. Учкун жалынга айланышы мүмкүн!" -деп пост жазды. Бул постту жазаары менен окурмандары таң калгандарын жашыра алышкан жок. Көпчүлүгү Карыпбековдун кабыл алган чечими жакпай калган го деген ойлорун айтышууда. Мирлан Самыйкожо өзү да активдүү түрдө жетекчилерге карата терс пикирлери менен бөлүшүүдө.
Окуянын чоо жайын билүү үчүн айдоочулардын бирине байланышканыбызда ал:
"Азыр чогулуштабыз. Иш таштообуздун негизги себеби биздин жетекчибиз Эрик Абакировдун жумуштан алынышы" -деп жооп берди.
Ал эми КТРКнын жетекчилигинен бул маалыматты тактаган билдирүү жасала элек.      


Ссылка: https://barometr.kg/mirlan-samyjkozho-ktrkda-ish-tashtoo-bashtalyptyr-uchkun-zhalynga-ajlanyshy-mmkn



Добавить комментарий