КТРКга жаңы жетекчи дайындалды
Бүгүн, 30-декабрда КТРКнын башкы директорунун милдетип аткарып келген Бактияр Алиев ачык сынактын негизинде 11 добуш менен башкы директорлукка тандалып алынды. Бул тууралуу КТРКнын расмий сайтына жазылган маалымака шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорун тандоо боюнча Байкоочу кеңештин жыйыны болуп өттү. Анда буга чейинки сынакка катышкан талапкерлер өз программалары менен тааныштырды. Жыйындын аягындагы добуш берүүдө буга чейин КТРКнын башкы директорунун милдетип аткарып келген Бактияр Алиев 11 добуш менен башкы директорлукка тандалып алынды”, - деп айтылат маалыматта.
Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорлук кызматына 15 талапкер ат салышкан.
Эскерте кетсек, 5-6-октябрдагы саясий окуялардан кийин КТРКнын мурдагы директору Жайнак Үсөн уулу кызматтан кеткен. Башкы директордун кызмат ордуна 29-октябрда сынак жарыяланган.
Ссылка: https://barometr.kg/ktrkga-zhay-zhetekchi-dajyndaldy
Добавить комментарий ×