Кайрат Иманалиев КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Бөлүшүү:
Мурдагы маданият министри Кайрат Иманалиев КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Мындай чечим бүгүн, 15-октябрда Байкоочу кеңештин жыйынында кабыл алынганын аталган кеңештин мүчөсү Сыягуль Караманга шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.
КТРКнын башкы директору Бактияр Алиев жеке каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын февраль айынан тартып Иманалиев Маданият, маалымат жана туризм министри болуп иштеп келген.
Добавить комментарий ×