Мирлан Бакировдун вице-спикерлик кызматтан кетери айтылды

22 декабрь 2020 16:39 1734 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештеги вице-спикерлик кызматынан кетет. Бул тууралуу "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаевдин социалдык тармактагы баракчасында жазып чыккан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары  катары жакшы иштеп берди, тажрыйба топтоду. Өзүн саясий чөйрөдө жакшы көрсөтө алды. Ал өз ыктыяры менен башка өсүп келе жаткан депутаттарга орун бошотуу максатында кызматын тапшыруу боюнча чечим кабыл алды.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын саясий кеңешинин чечиминин негизинде Уланбек Исмаилов ЖК  төрагасынын орун басарлыгына көрсөтүлдү. Бул чечимди "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаттары сурамжылоонун негизинде колдоп берди”, - деп жазды депутат.

Эске сала кетсек, парламент спикеринин орун басары болуп «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров 2017-жылдын 13-декабрында шайланган.

Ссылка: https://barometr.kg/mirlan-bakirovdun-vice-spikerlik-kyzmattan-keteri-ajtyldy



Добавить комментарий