Мирлан Бакиров депутаттарды "базарчылар" деп атагандарга нааразы экенин айтты
Бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров коомчулук анын кесиптештерин "базарчылар" дегенге нааразычылыгын билдирди. Вице-спикердин пикиринде мындай сөздөр парламенттин ишине доо келтирет.
"Бешинчи жана алтынчы чакырылыш жаңы принциптер боюнча тандалган, гендердик баланс сакталган. Бирөөгө жакса да жакпаса да шайлоо жаңы технологияларды колдонуу менен таза өткөн. Коомчулук бизди "базарчылар" деп атайт. Ар бирин чыныгы аты-жөнү менен атагыла, жалпы парламенттин ишине доо келтирбегиле" -деп Мирлан Бакиров коомчулукка кайрылуу жасады.
Эске салсак, парламентте чындыгында буга чейин соода сатык менен алектенген жана бүгүнкү күндө да жеке бизнеси бар депутаттар бар. Алардын айрымдарынын жеке соода түйүндөрү бар экени да маалым.
Ссылка: https://barometr.kg/mirlan-bakirov-deputattardy-bazarchylar-dep-atagandarga-naarazy-ekenin-ajtty
Добавить комментарий ×