Мирбек Атабековдун жубайы: Үч баланы чоңойтуп, өстүрүү татаал жана түйшүктүү

25 декабрь 2020 14:54 4853 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү ырчы Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлөпберген үч баланы чоңойтуу канчалык түйшүктүү жана оор болорун айтты. Бул тууралуу ырчынын жубайы соцтармактагы баракчасына жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Албетте, жаш айырмачылыгы жакын болгон үч баланы чоңойтуп, өстүрүү абдан татаал. Кээде ушунчалык кыйналып кетем. Улуу балам Адам 5 жашта, ал баардык балдардай эле карантин убагында телефонго көз каранды болуп бүттү. Экинчи кызым Иман 2,5 жашта. Ал эми, үчүнчү кызыбыз Сүйүүгө жакында 10 ай болот. Учурда эмчек эмгендиктен ар дайым менин жанымда. Ошол учурда, Иман да өзүнө көңүл буруумду талап кылып чыр салат”, - деп жазды Төлөпберген.

 Белгилей кетсек, Мирбек Атабеков жакында эле жубайы жана балдары менен АКШда кайын журтуна коноко барып, эс алып жүрүшкөнүн айткан.

Ссылка: https://barometr.kg/mirbek-atabekovdun-zhubajy-ch-balany-choojtup-str-tataal-zhana-tjshkt



Добавить комментарий