Мирбек Атабеков: Мен эч качан элди бөлгөн эмесмин
Ырчы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков элди бөлүп-жарып жатат жана ал жоон топ балдар менен келип “депутаттарды сабайбыз” деп турду деген сөздөргө жооп берди. Бул тууралуу Атабековдун соцтармакка жүктөгөн видео кайрылуусуна шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Ал жөн гана мамлекеттин келечегине кайдыгер карабаган инсан катары жубайы менен 5-октябрдагы тынчтык митингине барып, эркин өлкөнүнүн жараны катары бир катар курч ойлорун айтканын билдирди.
“Мен баардык кыргыз жаштары сыяктуу эле өз оюмду айтуу үчүн барып, ал жерден сөз сүйлөп ажобузга карата айта турган сын-пикиримди айтып кеткенмин. Эгерде мен Ак үйдү басып алабыз, депутаттарды сабайбыз деп айткан болсом, азыркыга чейин видео интернетке таркамак да. Албетте президентке айткан сөзүм үчүн анын тарапташтары тарабынан ойдон чыгарып, каралап жатасыздар. Макул мени каралай бериңиздер. Жаман ырчы, жаман адам деңиздер. Бирок, элди бөлдү дебеңиздер. Мен эч качан бөлгөн эмесмин. Менин чыгармачылыгымдын башаты Оштон башталган. Баарыңыздарды ынтымакка чакырам. Мен үчүн убактыңыздарды коротпой өлкөгө салым кошуңуздар”, -деген кайрылуу калтырды ырчы.
Ссылка: https://barometr.kg/mirbek-atabekov-meni-prezidenttin-taraptashtary-karalap-ushak-taratyp-zhatyshat
Добавить комментарий ×