Мирбек Атабеков кайрадан үй-бүлөсү менен бирге
КРдин Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков келинчегин жана балдарын “Манас” эл аралык аэропортунан тосуп алды. Бул тууралуу ырчынын келинчеги Мээрим Төлөпбергендин соц тармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Эскерте кетсек, Атабековдор үстүбүздөгү жылдын 26-февралында дагы бир кыздуу болушкан. Буга чейин жубайлар Адам жана Ыйман атуу эки баланы тарбиялап келишкен. Үчүнчү неристесин ырчынын келинчеги АКШдан көз жарып Сүйүү деген ысым ыйгарышкан.
Коронавирус илдетинин жайылышынан улам дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө карантин киргизилген. Анын себебинен АКШдан беш айдан бери келе албай жаткан ырчынын үй-бүлөсү 20-августта таңга жуук келди.
“Ар бир бала ата-энеси менен бирге болсун. Балдарымдын атасын көргөндөгү маанайы өзгөчө”,- деди Мээрим Төлөпберген.
Ссылка: https://barometr.kg/mirbek-atabekov-kajradan-j-bls-menen-birge
Добавить комментарий ×