Боронов Минск шаарында Беларусиянын премьер-министри менен жолукту

22 февраль 2020 12:49 557 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Минск шаарында  өтүп жаткан Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-белорус өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Беларусиянын премьер-министри Сергей Румас эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу  Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, саясий жана соода-экономикалык байланыштын активдешкенин эске алуу менен, эки өлкө ортосундагы өз ара кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле өз ара соода жүгүртүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Мындан тышкары тараптар Жогорку технологиялар паркы линиясы боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Беларусь Республикасы бул багыттагы тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даярдыгын билдирди.

«Кыргызстан Беларусия менен түзүлгөн достук алакага жана өз ара кызматташууга чоң маани берет», - деп белгиледи  Кубатбек Боронов.

Өз кезегинде  Сергей Румас Кыргызстан жана Беларусия ишенимдүү өнөктөштөрдөн болуп саналат жана өз ара кызыкчылыктарды жараткан багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

 «Бул үчүн мүмкүнчүктөр жана биздин мамлекет башчыларыбыздын колдоосу бар» - деп белгиледи Беларусь Өкмөтүнүн башчысы.

Жолугушуунун соңунда байланышты жана мындан аркы кызматташууну тереңдетүү үчүн эки өлкөнүн ишкерлерине аянтча түзүү максатында бизнес форум өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Соңунда эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттарын илгерилетүү жана активдештирүү үчүн платформа катары Өкмөттөр аралык кыргыз-белорус комиссиясынын ишинин маанилүүлүгүн белгиленди.

 


 

Ссылка: https://barometr.kg/minsk-shaarynda-sooda-ekonomikalyk-kyzmattashtyk-boyuncha-zholugushuu-boldu



Добавить комментарий