Коронавирус боюнча тынымсыз байланыш номерлери көңүл ачуу кызматтардыкыбы? Иликтөө
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Бишкекте уюштурулган маалымат жыйында коронавирус боюнча бардык суроолорго жооп алуу үчүн тынымсыз байланыш номери иштеп жатканын билдирген.
Министрдин айтымында, 323202 номерине каалаган жаран чалып, коронавирус боюнча маалымат алса болот. Бирок “Барометр” маалымат агенттиги аталган номерге чалганда көңүл ачуу кызматынын номери болуп чыкты. Биз коңгуроо кылган маалда ырчы Нурлан Насиптин “Туулган күн” деген ыры жаңырып, андан кийин алдын ала жаздырылган кыздын үнү жагымдуу ырды коңгуроонун ордуна кантип коюп алса болорун түшүндүрдү.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматына кайрылып, министр маалымат жыйында айткан номер көңүл ачуу кызматыныкы экенин айтканыбызда, “министр балким жаңылып калса керек” деп тынымсыз байланыштын номери 323055 экенин айтты.
Бул номерге дагы чалганыбызда ал көңүл ачуучу кызматынын номери болуп чыкты.
Эгер учурда коронавирус боюнча Кыргызстандагы абалды билгиңиз келсе, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы ыкчам штабдын 0312 66 06 63 номерине чалсаңыз болот. Аталган номер чындап эле иштейт жана жарандардын суроолоруна жооп берет.
Добавить комментарий ×