Министрлик: обсервациядагылар нааразы болгондон кийин үйүнө чыгарылды деген туура эмес
Мурдагы “Ганси” авиабазасынын аймагына уюштурулган обсервацияда жаткандар нааразычылыктарын билдиргенден кийин үй карантинине чыгарылды деген туура эмес. Мындай пикирин саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Эске салсак, обсервацияга алынгандар 18-майда кармоо шарттарына нааразычылыгын билдирип, аларды үй карантинине чыгарууну талап кылышкан. Кийин нааразы болгондор менен саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү да барып жолугушкан.
“Обсервациядагылар санитардык-карантиндик жол-жоболорго ылайык үй карантинине чыгарылды. Аларды нааразычылыкка чыккандан кийин эле коё беришти деген туура эмес. Алардын 14 күндүн карантин режими аяктап калган. Алар туура эмес маалыматтарды угуп алышып, нааразычылыктарын билдиришкен. Үйүнө чыгарылгандар үй карантиндин шарттарын толук сактайм деп сөз беришти. Алардын уюлдук телефонуна кыймыл аракеттерин көзөмөлдөй турчу атайын программаларды жүктөп бердик”, — деди ал.
Үсөнбаев обсервациядан чыгарылгандар үйлөрүнө чейин атайын автоунаа менен жеткириле турганын кошумчалады.
Добавить комментарий ×