Министрлик: Кытай дарыгерлеринин азыр Кыргызстанга келишине муктаждык жок
Бүгүнкү күнү Кытай дарыгерлеринин Кыргызстанга келип жардам беришине муктаждык жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.
Ал “Барометр” маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып, төмөнкүлөргө токтолду.
“Бүгүнкү күнү биздин дарыгерлер өздөрү дарылоо иштерин жүргүзүп жатат. Кытай дарыгерлеринин бүгүн, же эртең келүүсүнө муктаждыгы жок. Эгер ошондой муктаждык болсо алар келишет. Бул боюнча Кытайдын саламаттык сактоо комитети менен сүйлөшүү болду. Бүгүнкү күнү андай муктаждык жок”, — деди ал.
Акматова 26-март, саат 9:00гө алынган маалымат боюнча Кыргызстанда 44 кишиден коронавирус табылып, алардын алтоосу реанимацияда экенин кабарлады.
Ссылка: https://barometr.kg/ministrlik-kytaj-darygerlerinin-azyr-kyrgyzstanga-kelishine-muktazhdyk-zhok
Добавить комментарий ×