Министрлик: коронавирус илдетин аныктай турчу ПЧР-системалар жетиштүү
Бөлүшүү:
Кыргызстанда коронавирус илдетин аныктай турчу ПЧР-стистема жетиштүү экенин саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, учурду өлкө боюнча 29 миң ПЧР-система бар.
"Учурда өлкөдө 29 000 ПЧР-система бар. Мындан тышкары, Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму бизге дагы 5,5 миң система берген", - деди ал.
Белгилей кетсек, 16-апрелге карата Кыргызстан боюнча 466 кишиден коронавирус илдетинин козгогучу аныкталды. Анын ичинде 104ү дарыгерлер.
Ссылка: https://barometr.kg/ministrlik-koronavirus-ildetin-anyktaj-turchu-pchr-sistemalar-zhetisht
Добавить комментарий ×