Каратаев: Биринчи ПЧР-анализ таза чыкса, ал коронавирус жукпаганын тастыктабайт

24 июнь 2020 13:13 1366 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Республика боюнча коронавируска кабылган жарандардын саны күндөн-күнгө өсүп бара жаткандыктан ПЧР- анализин тапшырып, жыйынтыгы таза чыкса ал коронавирус жукпаганын тастыктайбы деген суроого жооп издеп келишет. Бул тууралуу “Барометр” Республикалык штабтын маалыматына шилтеме берип билдирет.

Учурда коронавирус тууралуу суроолор күндөн күнгө көбөйүп бара жатат. Эгер ПЧР-анализ таза чыкса, ал коронавирус эмеспи?, деген суроого көпчүлүк тургундар жооп издеп келишүүдө.

 “Биринчи жолу ПЧР-анализ тапшырганда жыйынтыгы таза чыгышы мүмкүн, себеби алгачкы 5 күндүн ичинде адамдын ден-соолугу вирус менен өзү күрөшөт. Ал эми 12-14 күндөн кийин кайрадан кайталап алынган анализде оору бар болуп чыккан учурлар кездешет. Бул адамдын иммунитетине байланыштуу. Эгер клиникалык белгилер бар болуп, бирок ПЧР-анализ терс чыкса, адам санитардык нормаларды сактап, иммунитетин жакшыртышы керек. Ошондуктан биринчи жолку ПЧР-анализдин жыйынтыгын 100 пайыз таза деп айтууга болбойт”, - деп жооп берди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары М.Каратаев.

Учурда коронавирус боюнча абал курч, акыркы жумада ооруп калгандардын саны тез өсүп жатканы байкалууда. Ага байланыштуу ССМ тарабынан кошумча иш-чаралар аткарылып жатат.

“Бишкек, Чүй облусунда оорунун саны тез өсүүдө, ар бирибиз бири-бирибизге түшүндүрүп айтышыбыз керек, максатсыз көчөгө чыкпаңыздар, эл көп жерге барбаңыздар, сөзсүз беткап кийип, колду бат-баттан жууп туруңуздар. Ар бир адам жоопкерчилик менен санитардык нормаларды сактоого тийиш”, - деп билдирди М.Каратаев.

Ошондой эле мобилдик топтордо кырдаал чыңалгандыгын белгиледи. Республика боюнча алардын саны 649, борбордо нормативдер боюнча 106 талап кылынат, бирок алардын саны 38. Ал эми эки тез жардам акыркы жумада жол кырсыгынан улам бузулган.

Ссылка: https://barometr.kg/ministrdin-orun-basary-karataev-bishkek-chj-oblusunda-oorunun-sany-tez-sd



Добавить комментарий