Министр: обсервацияга барбайм деп каршылык көрсөткөн учурлар бар

20 март 2020 10:33 503 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирус жуккан адамдар менен контакт болгон деген айрым кишилер обсервацияга барбайм деп каршылык көрсөткөн учурлар бар экенин маалымат жыйынд айтты.

“Андайлар болуп жатат. Биздин дарыгерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларды мындай оюнан баш тарттырып, алып барышууда”, — деди ал.

Андан сырктары обсервация бул беш жылдыздуу мейманкана эместигин айтып, Бишкектеги мурдагы Ганси авиабасынын казармасы обсервация үчүн ылайыкташтырылганын кошумчалады.

“Ал жакта негизги муктаждыктар үчүн шарт түзүлгөн. Андыктан ага чыдаш керек, бул убактылуу нерсе”, — деди министр.

Эскерте кетсек, акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус жуккан алты учур катталды. Алардын үчөө Ош облусунда, үчөө Жалал-Абад облусунда.

Ссылка: https://barometr.kg/ministr-observaciyaga-barbajm-dep-karshylyk-krstkn-uchurlar-bar



Добавить комментарий