"Министр болгон оңойбу?". Тилек Токтогазиевдин жообу

4 декабрь 2020 10:35 905 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев бүгүн, 4-декабрда маалымат жыйынын өткөрүп жатат.

Жыйын учурунда журналисттер Токтогазиевге “министр болгон оңойбу” деген суроо узатты.

“Жок министр болгон оңой эмес. Ооруп, жаның кыйналып турсаң да жумушка чыгышың керек. Себеби маанилүү иш чаралар сени күтүп турбайт. Анан да, саясий маанилүү чечим кабыл аларда уйкуң качып, миң толгонуп, жүз ойлонуп жатып уйкуң да качат.

Ансыз да кыйналып турган элге пайда алып келүүчү чечимдерди убагында кабыл алып, күчөтүлгөн тартипте иштешибиз керек”, - деди министр.

Эскерте кетсек, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги бир канча продукциянын түрүн анын ичинен мал-жандыктарды сыртка экспорттоого тыюу салууну сунуштаган.  19-ноябрда «Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн тышка ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон.

Бирок, коомчулук айыл чарба министринин мындай чечимине каршы чыгып, нааразы пикирлерин билдиришүүдө. Алардын айтымында, коюлган чектөөнүн айынан мал базарларда бир нече күндөн бери алып келген жандыгын сата албай тургандар да бар. 

Ссылка: https://barometr.kg/ministr-bolgon-oojbu-tilek-toktogazievdin-zhoobu



Добавить комментарий