Министр Ак Сай айылында жарадар болгондордун абалы менен таанышты
Бүгүн,16-мартта Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев 13-14-мартта ок атуучу куралдан денесинен жаракат алган жарандардын ал-акыбалы менен Баткен облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө барып таанышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Алардын ден-соолуктарын сурап, кандай кошумча медициналык жардам керек болсо бериле тургандыгын айтып, алардын тез сакайып кетишин каалады. Жаракат алгандардын арасында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда оң бутуна ок жаңылган Баткен райондук милициясынын айдоочу-милиционери Ж.Улукбек да бар. Кашкар Джунушалиев: “Сиздердин тезинен сакайып, аман-эсен үйлөрүңүздөргө, үй-бүлөөңүздөргө барышыңыздарга тилектешмин. Сиздердин тезирээк сакайып кетишиңерге бардык шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беребиз”,-деди.
Өз кезегинде Баткен облустук ооруканасынын дарыгерлери денесинен октон жаракат алган эки жарандын жана бир милиция кызматкеринин абалдары туруктуу экендигин жана жабырлангандарга ар тараптуу медициналык жардамдар көрсөтүлүп, тиешелүү процедуралар жогорку денгээлде жүргүзүлүп жаткандыгын белгилешти.
Ссылка: https://barometr.kg/ministr-ak-saj-ajylynda-zharadar-bolgondordun-abaly-menen-taanyshty
Добавить комментарий ×