Миллиондогон акчасын таксиге унутуп кеткен. Москвада кыргыз таксист ээсине кайтарып берди
Бөлүшүү:
Таксиге унутуп калган миллиондогон акчаларды кыргыз бала кайра ээсине кайтарып берген. Бул тууралуу Дагестандык аялдын таксист баланын энесине ыраазычылык билдирген видеосу тарады.
Анда: "Сумкамдын ичинде 1 миллион рубль бар болчу. Унутуп калсам, кайра кайтарып берди. Ушундай баланы тарбиялаган энесине ыраазымын. Дагестанга келгиле"-деген аял.
Москвада таксист болуп иштеп жүргөн кыргыз баланын аты Нурсултан Кайназаров болгон. Ал Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Таран-Базар айылынын тургуну экендиги айтылды.
Добавить комментарий ×