Миллиардерлер эң көп жайгашкан шаар аныкталды

8 апрель 2021 16:03 4375 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Пекин биринчи жолу дүйнөдөгү миллиардерлердин саны эң көп шаарга айланды. Бул тууралуу  Daily Mail гезитине шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Forbes тизмесине ылайык, учурда Пекинде 100 миллиардер жашайт, бул Нью-Йорктон эки эсе көп.

2020-жылы Кытайдын борборунда 33 жаңы миллиардер пайда болгон. 

Пекиндин эң бай тургуну, TikTok социалдык тармагына ээлик кылган ByteDancе комапиниясынын негиздөөчүсү Чжан Иминь. Анын байлыгы 35,6 миллиард долларды түзөт. Ал эми, Нью-Йорктун эң бай адамы деп калаанын мурдагы мэри Майкл Блумберг 59 миллиард доллар байлыгы менен алдыда турат. 

Дүйнөдөгү эң көп миллиардери бар он шаардын ичине Пекинден тышкары, Кытайдын дагы төрт шаары кирди. Ошентип, 80 бай адамы бар Гонконг үчүнчү, Шенчжэнь 68 бай адамы менен бешинчи, Шанхай 64 миллиардери менен алтынчы орунду ээлешти.

Бирок, Америка Кошмо Штаттары дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө караганда миллиардерлердин мекени экендиги кабарланууда. АКШ 724 миллиардери менен лидер бойдон калууда. Экинчи орундУ Кытай 698 миллиардер менен ээлеп келет. Тизменин кийинки саптарында Индия 140, Германия 136 жана Россия 117 миллиардер менен турары маалым болду.

Ссылка: https://barometr.kg/milliarderler-e-kp-zhajgashkan-shaar-anyktaldy



Добавить комментарий