Миллиардер интимдик пластикалык операциянын учурунда каза тапты
Бөлүшүү:
Түпкү теги израилдик, Бельгияда ишкерлик кылган миллиардер Эхуд Арье Ланиадо Парижде жыныс органына жасалып жаткан операциянын учурунда каза тапты. Бул тууралуу Sudinfo.be.гезити кабарлады.
Бриллиант сатуу боюнча соодагерге инъекция куюлгандан кийин жүрөгү токтоп калган. Аны сактап калууга мүмкүн болбоду.
Операция клиникада жумуш эмес убакта болгон.
Ланиадо 65 жашта эле, 20 жашынан баштап баалуу таштарды сатуу менен иш алып бара баштаган. Аны дүйнөдө алмазды баалай турган мыкты эксперттердин бири катары эсептешчү. Дүйнөдөгү эң бай пентхаустун ээси болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/milliarder-intimdik-plastikalyk-operaciyanyn-uchurunda-kaza-tapty
Добавить комментарий ×