Милициянын кайгуул кызматы эмне иш кылат?

24 февраль 2020 17:13 1364 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүнкү күндө мекенибиздин коопсуздугун коргоодо ИИМдин кызматкерлери кайда, кайсы жерде, кайсы убакта болбосун тикесинен тик туруп кызмат кылууда.  Алыска барбай эле борборубуз болгон Бишкек шаарынын тургундарынын коопсуздугун сактоо үчүн  күндү күн, түндү түн дебей иштеп жаткан ИИМдин Кайгуул кызматынын жигиттери да Мекенди коргоочу деген ардактуу наамга татыктуу экени анык. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Анткени алар ата-мекенибиздин борборундагы коопсуздукту сактап, элибиздин тынч жашоосуна жана коопсуздугуна шарт түзүп беришүүдө. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун “2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана мамлекетти санариптештирүү жылы” деген Жарлыгын аткаруунун чегинде ИИМде 2019-жылдын 11-январында 2019-2020-жылдар үчүн иш-планы  түзүлүп, ошол пландын негизинде Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы түзүлсүн деген чечим кабыл алынган. 

Ушул максатта ишке ашыруунун биринчи этабында ИИМдин Академиясында 279 талапкер сынак аркылуу тандалып алынып, 22-июлдан 1-октябрга чейин 3 айлык курстан окуп чыгышкан. Алардын окуусу аяктагандан кийин, ар бир кызматкерди тиешелүү техникалык каражаттар менен камсыздап, жеринде дагы бир ирет 10 күндүк  практикалык иштер менен таанышкандан кийин 2019-жылдын 31-октябрында Бишкек шаардык ИИБдин жетекчилик борборунда Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгынын (МККБнын) салтанаттуу ачылышы болуп, ага Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков өзү келип катышкан. 

Кайгуул кызматында азыр 80 автоунаа бар. Дагы 40ка жакын авто унааны сатып алганы турушат, буюрса автоунаа жетиштүү эле болот. Кайгуул кызматынын ишке киришүүсүнүн биринчи этабында 20 экипаж Биринчи Май районун, 15 экипаж Свердлов районун тейлеп келген болсо, экинчи этапта Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын төрт районун толугу менен тейлөөгө киришти.  

Кайгуул кызматын камсыз кылуу үчүн Бишкек шаарынын төрт району 43 чарчы аянтчага бөлүнгөн. Аларда кайгуул 3 нөөмөткө  жана квадратка төмөнкүчө бөлүнгөн:  Биринчи Май району 10 авто кайгул тилкелерине бөлүнүп, кызматкерлердин санына жараша 8 авто-экипаж, Свердлов району да 10 авто кайгуул тилкелерине бөлүнгөн, кызматкерлердин санына жараша күнүнө 6 авто-экипаж, Октябрь району 9 авто кайгуул тилкелерине бөлүнгөн жана анда 4 авто-экипаж, Ленин району 13 авто кайгуул тилкелерине бөлүнүп, анда 6 авто экипаж 3 ирет алмашуу режиминде иштеп жатат. Жалпысынан алганда учурда кайгуул кызматынын штаттык саны 545 кызматкерди түзөт.

Чынында эле милициянын кайгуул  кызматы биздин шаарга абдан зарыл кызмат экенин аз эле убактытта далилдеп койду. Фактыларга кайрылып көрөлү. Бул кызмат иштей баштаган  өткөн жылдын 31-октябрынан берки мезгил ичинде МККБнын кызматкерлери тарабынан 544 кылмыштын бетин чукул ачылган, “102” кызматынан түшкөн 7885 чакырыкка барып, алардын 5482 чакырыгы такталган жана бул чакырыктар боюнча жеринде чаралар көрүлүп, алардын ичинен 258 мас айдоочу убагында аныкталып, 1216 айдоочунун унаалары токтотулуучу жайларга жеткирилген жана да 1677 эл тынчтыгын алган мастар, зөөкүрлөр жана башкалар ИИБге алынып келинип, тиешелүү чаралар көрүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/miliciyanyn-kajguul-kyzmaty-bashkarmalygy-lkdg-ichki-tartiptin-zgn-tzb



Добавить комментарий