Милициялардын пенсияга чыгуу курагынын жогорулашы коомго кандай коркунучтарды жаратат?
"Баардык адам милиция аларды коргошун каалайт, бирок милициянын өзүн ким коргойт? Милициялардын пенсияга чыгуу курагынын жогорулашы коомго кандай коркунучтарды жаратат?" деген пикирди ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов айтканын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Жакында, Социалдык фонд жеңилдик каралган пенсионерлердин айрым категориясын кыскартууну сунушташкан эле. Анда убактысынан мурда пенсияга чугууну (анын ичинде аскер кызматкерлер, чоң иш тажрыйбасы бар жарандар, алыскы тоолуу аймактарда жашаган жарандар, алыскы тоолуу аймактарда жашаган аялдар дагы бар) жокко чыгаруу тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү даярдалып жаткандыгы маалымдашкан.
"Бул жосунсуз жоруктар адамдардын нааразычылыктарын жарата тургандыгын көптөр айтууда, анткени аскер кызматкерлеринин категориясына ички иштер органдары дагы киргендиктен пенсиядагы өзгөрүүлөр орду толгуз зыянга учурап, бул жагдай нааразычылыктарды күчөтүп, өлкөдөгү криминогендик абалды солгундатат", - дейт ал.
2018-жылы Россия полициясынын кызматкерлери кызмат өтөө жылдары боюнча массалык түрдө кызматынан кетишкен. Алар пенсияга чыгаарда кызмат өтөөнүн жылы жогорулап кетүүлөрүнөн чочулашкан. Бул Россия Федерациясынын Эсеп палатасынын "Коомдук тартипти камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү" мамлекеттик программанын долбоорунун корутундусунда баса белгиленген.
"Россияда полиция кызматкерлеринин айлык маянасы кыргыз милициясыныкынан жаңы жылдан кийин 40% жогорулагандан кийин дагы 2-3 эсе жогору болгонуна карабастан жогорудагы көрүнүштүн болгонун белгилеп кетүү керек. Жогорудагылардын негизинде пенсияга чыгуунун курагын жана кызмат өтөөнүн иш тажрыйбасын көтөрүп, жарандык жумушчуларга теңөө менен Кыргызстандын ички иштер органдарынын тутумуна орду толгус зыянга дуушар кылып, айлык маянанын жогорулашынан дагы анын натыйжалуулугу жокко эсе болот деп жыйынтык чыгарсак болот", - деди Даутов.
Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке кароого түшкөндө бүгүнкү күндөн баштап кызмат өтөгөнүнө 20 жыл толгон ИИОнун кызматкерлери массалык түрдө кызматынан бошоп, пенсияга кетет. Бул көрүнүш тажрыйбалуу кызматкерлердин кетишине, массалык түрдө пенсияга кетип жаткан кызматкерлердин бир жолку жөлөк пулун төлөөгө байланышкан бюджеттик чыгымдардын көтөрүлүүсүнө алып келет. Мындай жөлөк пулдун көлөмү кызмат өтөө жылдарынан, 10 айдан 20 айлык окладдан көз каранды болот.
Добавить комментарий ×