Милиция пакистандык жана индиялык студенттерди жандарына ири суммадагы акча алып жүрбөөгө чакырды

17 ноябрь 2022 10:09 1249 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Милиция чет өлкөлүк студенттерди Кыргызстанда жүрүү эрежелерин толук сактоого чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан чет өлкөлүк студенттердин арасында түшүндүрүү мүнөзүндөгү алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүүдө.

Бул иш-чарада милиция кызматкерлери эл аралык жогорку медициналык окуу жайда окуп жаткан Пакистандан жана Индиядан келген студенттерге өлкөдө болуу эрежелерин, ошондой эле, өлкөнүн мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин чоң экендигин түшүндүрүп беришти.

Ошондой эле чет өлкөлүк студенттерди түнкүсүн көчөдө максатсыз жүрбөөгө жана ири суммадагы акча каражаттарын алып жүрбөөгө үндөштү.

Эскерте кетсек, жакында чет элдик студенттер борбор калаанын борборунда массалык мушташ уюштурушкан. Бейбаштык аракеттери олуттуу кесепеттерге алып келип, кылмыш иш козголгон жана кээ бирлери окуу жайлардан чыгарылган.

Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-pakistandyk-zhana-indiyalyk-studentterdi-zhandaryna-iri-summadagy-akcha-alyp-zhrbg-chakyrdy



Добавить комментарий