Милиция кызматкерлери сууга чөгүп бара жаткан 2 өспүрүмдү куткарып калышты

21 июль 2022 16:23 919 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көлдө милиционерлер сууга чөгүп бараткан кыз менен баланы куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, окуя Ысык-Көл облусундагы “Коста-Браво” эс алуу жайында болгон.

"ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Балыкчы шаарында жайгашкан өзүнчө ротасынын кызматкери милициянын старшинасы Каныбек уулу Эдин кызмат өтөө учурунда сууга чөгүп бара жаткан 10 жаштагы кызды көрүп калып, аны куткарып калган. Көл жээгинде ойноп жатып сууга чөгүп кеткен кызды ата-энеси байкабай калган. Сууга чөгүп бара жаткан кызды куткарып,  өмүрүн сактап калган полктун кызматкерине кыздын ата-энеси терең ыраазычылык билдиришкен.

Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун "Лазурный берег” пансионатында эс алып жаткан балдардын бирөөсү сууга түшүп жатып буту тырышып сүзө албай, сууга чөгүп, жардам сурап кыйкырганын көл жээгинде кызмат өтөп жүрүшкөн ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун кызматкерлери милициянын прапорщиги Алымбек уулу Адыл жана Бактыбек уулу Сыймык көрүп калышып, сууга чөгүп бара жаткан баланы куткарып калышкан", -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-kyzmatkerleri-sukga-chgp-bara-zhatkan-2-sprmd-kutkaryp-kalyshty



Добавить комментарий